Микрохирург Бакыт Өмүрзаков пневмониядан каза тапты

Микрохирург Бакыт Өмүрзаков пневмониядан каза тапты

Микрохирург Бакыт Өмүрзаков 17-июлда пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашканын «Азаттык» жазды.

Бакыт Өмүрзаков кийинки жылдары өзүнүн менчик клиникасында пластикалык хирург болуп иштеп жаткан. Жыйырма жылга жакын убакыт Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борборунда пластикалык хирург, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Балдардын тубаса косметикалык оорулары тууралуу илимий эмгектердин автору, медицина илимдеринин хирургия адистиги боюнча кандидаты болгон.

Кыргызстанда вирустан каза болгон медициналык кызматкерлердин саны, бейрасмий эсеп боюнча жыйырмадан ашты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебинде кайтыш болгондордун саны алтоо деп айтылып келе жатат.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>