Милиция кызматкери Султан Жумабек уулу Нарындагы Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Ал Соң-Көлдү сүзүп өтүү менен дүйнөлүк рекорд коюуну пландап жатат. Учурда ага даярдык көрүүдө.
Эскерте кетсек, Султан Жумабек уулу 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым сүзүп өткөн. Ал Кыргызстанда ультратриатлондук аралыкты (13 чакырым — сууда сүзүү, 340 чакырым – велосипед менен, 52 чакырым чуркоо) басып өткөн биринчи адам болгон (2023-жыл).
Ультратриатлон. Милиционер сууда сүзүү, велосипед тебүү, чуркоо боюнча өзүн сынады