Site icon Reporter.kg

Милиционер Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдү сүзүп өттү  — видео

Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жумабек уулу Султан Талас облусунун кулуну. Учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт кызматында кызмат өтөйт. Ал жаш кезинен бери спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып келет. Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата Ысык-Көлдү  50 чакырым аралыкта сүзүп өткөн.

“Ал 30-августта Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейин жана кайра Чолпон-Атага чейин  сүзгөн. Милиция кызматкери Бостери айылынан кайра сүзүп келе жатканда катуу шамал болгонуна карабастан, көрсөтүлгөн 50 чакырым аралыкты  8 саат 33 мүнөттө сүзүп, өзүнүн өжөрлүгү менен эрктүүлүгүн көрсөтө алды. Андан кийин, Чолпон-Ата шаарынан  Чоң-Сары-Ой айылына жана кайра артка жол алуу менен ден соолугуна күч келтирбестен велосипед менен дагы 50 чакырым жол жүрүп өттү”, — деп айтылат маалыматта.

Жумабек уулу Султан бардык жарандарды сергек жашоого чакырып келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version