Site icon Reporter.kg

Милиционердин тапанчасын тартып алууга аракет кылган. Таласта эки шектүү кармалды

Таластын Бакай-Ата районунда милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык көрсөткөн жарандар камакка алынды. Бул тууралуу Талас облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунда 22-23-мартта «Бахус» жана «Коомдук транспорт» аталышындагы рейддик иш-чара жүргөн. Рейд учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору унааны токтоткон. Текшерүү учурунда, айдоочу баш ийбестен унааны айдап качкан.

«Милиция кызматкерлери артынан барып унааны токтоткон учурда, анын ичиндеги мас абалындагы жаран милиция кызматкеринин кызматтык ок атуучу куралын тартып алууга аракет жасап, анын кызматтык формасынын погонун жулуп, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик кылып зомбулук көрсөткөн», — деп билдирет милиция.

Текшерү учурунда алар Наматбек айылынын жашоочулары – 47 жаштагы Б.М. жана 46 жаштагы А.Д. экендиги аныкталган.

«Алардын бул мыйзамсыз кыймыл-аракети боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (Бийлик өкүлүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, анын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден-соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу) боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version