Site icon Reporter.kg

Милиционерлердин кармалышы: 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды

Бүгүн, 18-августта Ички иштер министрлигинде ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Баңгизат жүгүртүү менен иштеген милиционерлер кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version