Милиция 57 жаштагы Акылбүбү Мундузбаеваны табууга жардам сурайт

Милиция 57 жаштагы Акылбүбү Мундузбаеваны табууга жардам сурайт

Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 1964-жылы туулган Акылбүбү Мундузбаева издөөдө. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын июнь айында Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы Ак-Ордо конушундагы аял үйдөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон.

Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай, чачы ийнине чейин.

Милиция  анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан төмөнкү телефон номерлерине кабарлап коюуну суранат: 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>