Site icon Reporter.kg

Милиция алып баруучуларды урган Илимбек Исраиловду кармады

Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучу жигит менен кызды микрофон менен урган активист Илимбек Исраилов кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милиция аталган факт боюнча териштирүү иштери башталганын, 36 жаштагы Илимбек Исраилов райондук бөлүмгө жеткирилгенин маалымдады.

Ал Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынды. Сот чечими чыкканга чейин Исраилов райондук милицияда камакта болот.

Эми ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат.

Эскерте кетсек, Илимбек Исраилов жакында эле Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучулар Чыңгыз Рыскелдиев менен Керемет Сабыржанованы микрофон менен урганы тартылган видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Андан кийин ал кечирим сураганы тартылган видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Исраилов өзүнүн жоругу туура эмес экенин, ал үчүн өкүнүп жатканын айтып, алып баруучу жигит менен кыздын алдынан өтүп, кечирим сураганын билдирди. Ошондой эле ал элден да кечирим сурады.

Алып баруучу жигит менен кызды урган активист кечирим сурады (видео)

Exit mobile version