Милиция: Атасы зордуктады делген өспүрүмдүн кыздык белгиси алынган эмес

Милиция: Атасы зордуктады делген өспүрүмдүн кыздык белгиси алынган эмес

17 жаштагы кыздын зордукталганы азырынча тактала элек. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын тургуну 45-жаштагы С.С. арыз менен кайрылып, анда 19-апрелде болжол менен 22:00 чамасында, жээни ошол айылдын тургуну 17-жаштагы С.к.М.ны өзүнүн үйүндө атасы 45 жаштагы С.В. кызынын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгондугун көрсөткөн.

Аталган факты боюнча 161-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүм кызды Өзгөн райондор аралык социялдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси менен кыздын мыйзамдуу өкүлүнүн  катышуусунда суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген: 19-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында атасы эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн”, — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген.

«Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алгачкы соттук-медициналык экизпертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыз белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдѳмүк ойлор пайда болбосу үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган. Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Орусиянын аймагында иштеп жаткан”, — деп билдиришти.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>