Site icon Reporter.kg

Милиция: «Азаттык» партиясы май таратты

Ош облусунун Алай районунда  ““Азаттык” партиясынын штабынанбыз” деген кишилер жарандарга 80 миң сомдук акысыз күйүүчү май таратканы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан кабарлашты.

Алай райондук милициясына 4-ноябрь күнү Гүлчө айылындагы “Россия” май куюучу жайында партиянын атынан күйүүчү май таратылып жатканы тууралуу арыз түшкөн. Милициянын териштирүүсүндө “Азаттык” партиясынын ишенимдүү адамы, “Россия” май куючу жайынын кызматкерине талон берип, 4-ноябрдагы штабдын жолугушуусуна келгендерге бензин куюп берүүнү айтканы белгилүү болду. Ал өзүн «Азаттык» партиясынын Алай району боюнча штабынын жетекчиси катары тааныштырганы ачыкталган.

Алдын-ала маалыматтар боюнча,  ал алгач 50 миң сом, кийин жетпей калып дагы 30 миң сом акча берген.

Жалпы жонунан аталган май куючу жайынан 48 автоунаага акысыз бензин куюлганы аныкталды.

Учурда айдоочуларды табууга тапшырма берилип, ошол күнкү жолугушуу боюнча толук иш кагаздары териштирилүүдө. Мындан  тышкары  май куюучу жайда таркатылган талондордун файлдары аталган партиянын Алай району боюнча штабында компьютерлерден да табылган.

7-ноябрда бул иште шектелип жаткан жаран ден-соолугу начарлап, тергөөгө келе алган эмес. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version