Site icon Reporter.kg

Милиция «Азаттыктын» эки журналисттин кармап кеткени кабарланды (видео)

Бишкекте милиция кызматкерлери «Азаттыктын» кабарчысы жана операторун кармап кетти. Бул тууралуу аталган медиа билдирди.

Маалым болгондой, «Азаттыктын» кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаев Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдында ал жакта отурган жарандардын жакындарынын биринен интервью алып жатканда, аларга милиция кызматкерлери келип, тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң Октябрь райондук милициясынын бөлүмүнө алып кеткен.

Журналисттер абакта отургандарга катаал мамиле жасалып, ур-тепкиге кабылганы тууралуу айтылып жаткандыктан, алардын туугандарынан интерью алып жаткан.

Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы аталган окуя боюнча маалыматты тактап берерин билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин тергөө абагында жана түрмөдө отурган адамдар ур-тепкиге кабылып, катаал мамиле жасалып жатканы, айрымдары айып камак жайына камалганы тууралуу алардын туугандары айтып чыккан. Ошондой эле абактарда от жагылбай, камактагылар суук камераларда отурганын билдиришкен. Алардын айтымдында, аталган иштердин баары Жазаларды аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошев жетекчи болуп келгенден кийин башталды. Мындан улам каршылык билдирип абактагылар ачкачылык жарыялаган.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат кызматы аталган билдирүүлөрдүн баарын четке кагып, жалган маалымат экенин билдирди.

Абактагылар ур-тепкиге кабылганы үчүн ачкачылык жарыялаганы айтылды. ЖАК эмне дейт?

Exit mobile version