Site icon Reporter.kg

Милиция «Азаттыктын» журналисттеринин кармалышы боюнча үн катты

Бишкек шаардык милициясы кесиптик милдеттерин аткарып жаткан «Азаттыктын» журналисттеринин кармалышы боюнча үн катты.

Милициядан билдиришкендей, Бишкектин Октябрь райондук соту 4-августта район аймагында митинг, нааразычылык акцияларын, пикеттерди жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Бүгүн, 23-октябрда №1 тергөө абагынын алдында топ жарандар сот чечимин бузуп нааразычылык акциясын өткөргөн.

Аталган факт райондук милицияда катталып, тергөө  иштери башталган.

«Алдын ала текшерүүнүн алкагында, Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан акциянын катышуучулары, ошондой эле «Азаттык Медиа» маалымат агенствосунун журналисттери жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана бардык жеткирилген адамдар кое берилди», — деп айтылат маалыматта.

«Азаттык» жазгандай бүгүн №1 тергөө абагынын алдына камакта отургандардын туугандары чогулуп, абактагылар сабалганы тууралуу маалымат алганын, жакындарына кабатырланып жатканын айтышкан. Алар Жазаларды аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча маалымат берүүнү талап кылышкан. Тергөө абагынын алдына чогулган жарандардын ой-пикирин угуу үчүн жерине «Азаттыктын» журналисттери барган. Журналисттер интервью алып жатканда, аларга милиция кызматкерлери келип, тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң Октябрь райондук милициясынын бөлүмүнө алып кеткен.

Белгилей кетсек, «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык журналист митинге, нааразычылык акциялары болгон жерге бара алат, коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетүүсүнө чек коюуга жол берилбейт. Журналисттин ишине тоскоолдук кылгандарга мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган.

Милиция «Азаттыктын» эки журналисттин кармап кеткени кабарланды (видео)

Exit mobile version