Милиция баш ийбей балит сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 суткага камалды — видео

Милиция баш ийбей балит сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 суткага камалды — видео

Бишкекте тартип сакчыларынын талабына баш ийбеген кыз кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөктү. Анын виедосу учурда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды.

Тасмада көрүнүп тургандай, милиция кызматкерлери андан өздүгүн тастыктаган документтин сураган, бирок кыз “мага кыргыз тилинде кайрылбагыла, мен жакын жерде жашайым” деп жалпы элди балит сөздөр менен сөгүп, тартип сакчыларына кол көтөргөн.

Бишкек шаардык комендатурасы бул факты боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

“11-апрель күнү Потрулдук милициянын кызматкерлери Жунусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде бет кап тагынбай жүргөн 20-22 жаштагы кыздан өздүгүн тастыктаган документтерин сурашкан. Кыз тартип сакчыларынын мыйзамдуу талабына баш ийбей, билит сөздөр менен сөгүнүп, коомдук тартипти бузуп милиция кызматкерлерине кол көтөргөн. Ага карта иш козголуп, №1 тергөө абагына 15 күнгө камакка алынды”, — деп жазылат маалыматта.

https://www.facebook.com/100039684330823/videos/223659582300185

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>