Баткендин Кызыл-Кыя шаарында уурулук жасоого шектелген жаран Талас облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-июнга караган түнү белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөнгө кирип, жалпы баасы 826 миң сом болгон телефондорду уурдап кеткен. Бул окуядан кийин дүкөн ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 26-июнда шектүү М.А. Талас облусунан кармалган. Ал Кызыл-Кыяга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.