Site icon Reporter.kg

Милиция: Бишкекте 23 жаштагы кыз көп кабат үйдөн секирип, каза болду

Бишкекте 23 жаштагы кыз көп кабат үйдөн секирип, каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 9-сентябрда «102» кызматына Көк-Жар кичирайонунда кыз киши көп кабат үйдөн секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, маркум 23 жаштагы Р.Д. аттуу кыз киши экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталган.

Exit mobile version