Site icon Reporter.kg

Милиция Бишкекте табылган маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт

Бишкектин Ленин райондук милициясы Боконбаев жана Тимирязев көчөлөрүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдирип, анын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркек кишинин жансыз денеси 9-августта саат 21:00дө табылган. Маркумдун жашы болжол менен 35-40 чамасында. Алгачкы кароо жүргүзүлгөндө денесинде агыш күрөң түстө.

Кийип жүргөн кийимдери: кара кепка, капталында ак сызыктары бар көк футболка, кара жынсы шым жана күрөң кур.

Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери жарандардан өтүнөт:

0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(312) 352-605 жана 102.
[su_image_carousel source=»media: 45664,45665″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version