Милиция Бишкекте табылган маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт

Милиция Бишкекте табылган маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт

Бишкектин Октябрь райондук милициясы Жал кичи районунда эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдирип, анын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркек кишинин жансыз денеси 30-августта саат 10:12 чамасында табылган. Маркумдун жашы болжол менен 50-55 чамасында. Алгачкы кароо жүргүзүлгөндө денесинде жаракаттар болгон.

Бою 175-180  сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска, күрөң түстө.

Кийип жүргөн кийимдери: кара футболка, көк жынсы шым. Маркумдун аты “Кенжебек”, “Кеша” экени белгилүү болгон.

Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери жарандардан өтүнөт:

0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(312) 352-605 же 102.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>