Милиция Бишкектеги баңгизаттарды өстүргөн лабораторияны кармады — фото

Милиция Бишкектеги баңгизаттарды өстүргөн лабораторияны кармады — фото

Бишкекте атайын жабдылган лабораторияда баңгизаттарды мыйзамсыз өстүрүү менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган лаборатория ИИМдин  Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

«Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, борбордогу үйлөрдүн биринде кара куурайдын белгилүү жыты бар кара жашыл түстөгү заттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн кара куурай өсүмдүктөрүнүн бадалдары, ошондой эле ар кандай кара куурай үрөндөрү табылган. Шектүү катары 1978-жылы туулган Г.И. жана 1971-жылы туулган Э.В. кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 38464,38465,38466,38467,38468″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>