Милиция БШКнын алдына тигилген чатырды күч менен алдырып салды — видео

Милиция БШКнын алдына тигилген чатырды күч менен алдырып салды — видео

Милиция Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына партиялар тиккен чатырды алып салды.

Чогулган партиялардын өкүлдөрү бул кадам мыйзамсыз деп эсептешет.

Белгилей кетсек, сот Свердлов районунун аймагында ар кандай аракеттерге тыюу салган.

Бүгүн, 14-апрелде БШКнын алдына 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо утулуп калган саясий партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, 3 күнгө ачкачылык жарыя кылышууда. Эгерде бийлик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбаса ачкачылык жарыялоону улантышарын билдиришүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>