Site icon Reporter.kg

Милиция дагы бир «смотрящийди» колго түшүрдү

Зергер жасалгаларды уурдап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  2021-жылы борбор калаабыздын тургуну 2020-жылдын аягында болгон уурулук фактысы боюнча милицияга арыз жазып кайрылган. Анда, жабырлануучу унаанын ичиндеги сумкасынан ири өлчөмдөгү алтын зергер жасалгаларын уурдап кеткен белгисиз жаранды таап, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты “уурдоо” беренеси боюнча катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп келген. Маалым болгондой, кылмышкер уурдалган зергер жасалгаларды күрөөканага өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Чүй облусунун тургуну 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаранды кармашкан.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана «смотрящий» криминалдык макамына ээ.

Кармалган жаран башка кылмыштарга да шектелүүдө. Учурда ал тергөө абагына камалды.

Exit mobile version