Site icon Reporter.kg

Милиция Кантта дайынсыз жоголгон Олегди табышууга жардам сурайт

Ысык-Ата районунун милициясы 1979-жылы туулган Ильенко Олег Сергеевичти издөөдө. Ал бир жылдан бери дайынсыз. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 14-декабрында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 172-177 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара кыска.

Өзгөчө белгилери: тиштердин абалы жогорку алдыңкы тиштери жок, көкүрөгүндө карышкыр түрүндөгү татуировкасы бар.

Кийген кийимдери: кызыл күрмө жана спорттук костюм.

Милиция кимде-ким дайынсыз жоголгон жаран тууралуу маалыматы бар болсо, 0708 10-81-10 телефону аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Exit mobile version