Өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, коронавирустан улам мектеп окуучулары каникулга тараган убакта, тагыыраагы18-марттан 28-мартке чейинки убакта жаш өспүрүмдөр өзүнө кол салгандыгы жөнүндө 7 факт катталган.
Алардын ичинен Тоң районунда 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондору боюнча бирден, Ысык-Ата району боюнча 2 өспүрүм өз өмүрүнө кол салшкан.
Териштирүүгө ылайык, каза болгон өспүрүмдөрдөрдүн төртөө атасы же апасы жок толук эмес үй-бүлөдөн болсо калгандары туугандарынын үйүндө жашап келишкен. Алар негизинен ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүзгү маалда өзүнө озү кол салууга барышкан.
[su_box title=»ИИМ эскертет!» box_color=»#5d2d80″] Урматтуу ата-энелер, жаш өспүрүмдө маанайынын төмөндөшү же башка депрессиялык абалдын белгилери байкалган учурда, токтоосуздан баланын бул абалдан чыгуусуна жардам берүү чаралары көрүңүздөр.[/su_box]