Site icon Reporter.kg

Милиция кармаган жарандын өлүмү: Маркумдун өлүмүнүн себеби айтылды (видео)

Быйыл августта милиция кызматкерлеринин кармоо учурунда каза болгон Иван Сологубовдун агасы Арсений Сологубов инисинин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди.

Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгына ылайык иниси мойнун, көкүрөк тушун жана ичин катуу нерсе менен баскандан улам деми кысылып, асфиксиядан каза болгон.

«Тергөө органдары 130-берене (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Менин пикирим боюнча, ал жерде адам өлтүрүү болгон. Себеби анын моюн, ич, көкүрөк органдарын атайылап басышкан. Аны менен бирге иним «кое бергиле, дем алып алайын» деп суранганда, аны укпай коюшкан.Менимче бул жерде 122-берене (адам өлтүрүү) колдонушу керек», — дейт ал.

Ошондой эле ал экспертизанын жыйынтыгы иниси ичимдик ич пегенин, баңгизат колдонбогонун тастыктаганын билдирди.

«Менин инимди «мас болгон, бир нерсе чегип алган» деп айткандарга да кайрылам. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын канында, заарасында, текшерүүгө алынган башка органдарда баңгизат, ичимдик табылган эмес

Башкы прокурор Асаналиев Максат Кубатовичке кайрылам. Бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алып, 130-беренени 122-беренеге өзгөртүп бериңиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, жерге кулап, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Окуя Жибек Жолу менен Манас проспекттеринин кесилишинде болгону айтылган.

Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Натыйжада прокуратура бул факт боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Аларга «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен айып тагылууда.

Exit mobile version