Site icon Reporter.kg

Милиция күч колдонуу менен зордуктады деген кызга иш козголду (ВИДЕО)

Милиция күч колдонуп зордуктады деген кызга иш козголду. Бул туурасында Ош облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  2021-жылдын 1-ноябрында Ош шаардык милицияга  002-жылы туулган өзүн А.К. катары тааныштырган аял (кийинчерээк маалым болгондой ал аял Х. кызы К. болуп чыккан) арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 18-октябрында саат 22:00 чамаларында, Ош шаарынын И.Разаков кең көчөсүндөгү “Бай-Булак” аталышындагы мейманканада, “А.М. аттуу милиция кызматкери аны күч колдонуп, коркутуп зордуктап койду” билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган арыздын негизинде, 2021-жылдын 2-ноябрында Жазалар кодексинин 161-бер. 1-бөл. (2017-жыл.ред) негизинде 03-092-2021-003968 сандуу сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө учурунда, арыздануучу А.К.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 1818-сандуу корутундусуна ылайык денесинен жеңил дене-жаракатын алгандыгы, кыздык парда бүтүндүгү мурда бузулгандыгын жана жогорудагы дене жаракаты экспертизага кеч кайрылгандыгына байланыштуу, кайсыл убакытта алгандыгы окуя болгон күнгө дал келбей тургандыгы аныкталган.

Ал эми арызында көрсүлгөн А.М. аттуу кызматкер көрсөтмөсүндө, 2021-жылдын октябрь айынын орто ченинде Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү “Скай-Бар” түнкү клубка чалуу болуп, чакыруу боюнча барган учурда жабырлануучу А.К.ны биричи ирет көргөндүгүн, андан соң бир нече күндөн кийин Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү “Лайф-Бар” түнкү клубуна чакыруу боюнча барган учурда дагы көргөндүгүн , жазган арызы боюнча тосмо арыз жазып берүү үчүн 5000 (беш миң) сом сурап кайрылып жаткандыгын билдирген.

А.К.га га берилген соттук-психиатриялык экспертизасынын 805-корутундусуна ылайык, анын акыл эси жайында бирок, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны бурмалап, оюнан чыгарып айта тургандыгы көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, 31-декабрь 2021-жылы А.К.нын арызында көрсөтүлгөн жагдайдар өз ордун таппагандыктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 26-бер. 1-бөл. 2-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

А.К.нын кызынын арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш учурунда А.К.нын ал Ош ШИИБ боюнча МККБнын СБнын 1 взводунун милиционери, Ак-Буура милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп иштегендигин, жана Бишкек шаардык Свердлов райондук милициянын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты болгондугун жалган билдирип, интернет тармагына фото-видео кайрылууларын жүктөп жүргөн Сузак районунун тургуну, 2002-жылдын 15-ноябрында туулган Х. кызы К. экендиги аныкталган.

Х. кызы К. бир нече ирет Ош шаардык милицияга, пайда табуу ниетинде оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен кайрылып, тергөөнүн жыйынтыгы менен арызындагы жагдайлар өз ордун таппай, кылмыштын курамы жок болуп, өндүрүштөн кыскартылгандыгына байланыштуу, анын аракеттерине туура укуктук баа берүү максатанда жыйналган материалдар, 2022-жылдын 3-январында Ош шаардык милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

2022-жылдын 6-январында А.М. тарабынан Х. Кызы А. ага карата жалган билдирүү жасагандыгы үчүн чара көрүүнү жөнүндөгү арыз менен кайрылгандыктан.

2022-жылдын 8-январында жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 363-бер. 2-бөл. 3-п. каралган кылмыш курамы менен 03-041-2022-000009 сандуу кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 8-январында саат 16:36 минутада Х. Кызы К. кызы жактоочусунун катышуусунда көрсөтүлгөн кылмыш иш алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-бер. негизинде шектүү катарында Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына кармалып, иш алкагында шектүү катары суралган жана ага карата жеке тинтүү жүргүзүү учурунда, укук коргоо органынын атайын формасын кийген сүрөтү жабыштырылган жасалма күбөлүк алынган.

Ошондой эле, Х. кызы К.га карата кызына карата, 2022-жылдын 2-январында Ош шаардык милицияна Т.Ш. аттуу жаран дагы арыз менен кайрылып, , ал Адыл Акжол уулу атуу блогер тарабынан “19 жашымда милиция алдап эметти. Бир милиция жардам берем деп 3 жолу эметти, качып кетти. Сот сатылды”-деген аталыштагы макала чыгарып, анда Х. кызы К. жалган жалаа жаап, чара көрүүнү суранган арызы менен кайрылган.

 

2022-жылдын 8-январында саат 16:36 чамасында Х. кызы К. кызы жактоочусунун катышуусунда көрсөтүлгөн кылмыш иш алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-бер. негизинде шектүү катарында Ош шаардык ИИБдин УКЖна кармалып, иш алкагында шектүү катары суралган жана ага карата жеке тинтүү жүргүзүү учурунда, укук коргоо органынын атайын формасын кийген сүрөтү жабыштырылган жасалма күбөлүк алынган. Х.кызы К. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 10-январь күнү Ош шаардык соту аны 20 күн аралыгында аялдардын тергөө изоляторунда кармоо боюнча санкция берген. Учурда бул кылыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Х. кызы К.нын тосмо арыз жазуу үчүн сураган акчалары жана жанында алып жүргөн жасалма күбөлүгү боюнча дагы текшерүү иштери жүрүп жатат…

Exit mobile version