Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы үйүнө кайтарды

Милициянын Кайгуул кызматы адашып кеткен 5 жашар бала үйүнө кайтарылганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-февралда саат 15:00дөр чамасында “102” кызматына Свердлов районунда жайгашкан “Глобус” кичи маркеттердин биринде кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, 2016-жылы туулган Б.А. аттуу жаш бала үйүнөн ойноп чыгып кеткен бойдон кайра үйүн таппай адашып жүргөндүгүн билишкен.

Алар жаш баланын жашаган дарегин тактап, бир тууган эжесине сак-саламат жеткиришип беришкен.

Exit mobile version