Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды

Милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-мартта «Джал- Артис» кичи районунун тургуну 7 жаштагы уулу ойноп келем деп чыгып бойдон жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 3 сааттан кийин адашып кеткен баланы милиция кызматкерлери таап, ата-энесине кайтарган.

Ошондой эле аталгандай окуяларды алдын алуу тууралуу баланын ата-энеси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Exit mobile version