Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын өздүк курамынын арасында кыргыз күрөш боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Турнир 18-майда өтүп, милициянын подполковниги Самат Сатымкуловдун элесине арналган.
Күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Эрк Тажиев турнирдин катышуучуларын куттуктап, жеңишке жеткен кызматкерлерге диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырган.