Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, «Чач» каймана аты бар адам кармалды — видео

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, «Чач» каймана аты бар адам кармалды — видео

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бишкек шаардык милициясынан билдиргендей, 32 жаштагы  “Чач” деген каймана аты бар адам “баңгизатты мыйзамсыз сатууга” шектелүүдө. 

Кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. 26-феварль күнү аны кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, сөгүнүп,  күч колдонорун айтып коркутууга аракет кылган. Шектүүнүн чет мамлекеттик номер тагылган Toyota Camry  унаасынан мыйзамсыз алып жүргөн тапанча табылган.

Учурда кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, териштирүү иштери башталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>