Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкерлери митингге чыккандарды күч менен таратышууда

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы Садыр Жапаровдун тарапташтарын борбордук аянттан чыгарышты. Учурда аянтта тартип сакчылары менен журналисттер гана калды.

Митинг учурунда милиция кызматкерлери менен аянтка чыккан элдин ортосунда кагылышуу орун алды. Эл Ак үй тарапка барууга аракет кылганда милиция кызматкерлери аларды өткөрбөй жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-мартта Бишкектин борбордук аянтында камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингин өткөрүү үчүн чыгышкан. Митинг саат 13.00дө башталган.

Буга чейин ИИМ митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөрүн эскерткен.

Exit mobile version