Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкерлери толгоосу кармаган аялдын көз жаруусуна көмөк көрсөттү

Милиция кызматкерлери боюнда бар аялды төрөт үйүнө тез арада жеткирүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

22-мартта болжол менен 03:00 чамасында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен такси кызматынын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Ал унаада төрөтү жакындап айым бар экенин, эртерээк төрөт үйүнө жеткириш керек экендигин кабарлаган”, — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлери Турганбай уулу Шабдан жана Өмүрбек Алдаяров ошол замат чечим кабыл алып, боюнда бар айымды кызматтык унаага отургузуп, тез аранын ичинде Шопоков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан төрөт үйүнө жеткиришкен.

Көп өтпөй төрөт үйүнөн айымдын туугандары чыгып, сыртта турган кайгуул кызматкерлерине айым аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдиргени айтылат.

Exit mobile version