Site icon Reporter.kg

Милиция кызматкерлерине диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча үч күндүк семинар өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар 8-10-октябрь күндөрү экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, милиция кызматкерлеринин диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган. Ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз  миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Ратбек Турусбековдун, Атайын полктун психолог-тескөөчүсү Элвира Жунушеванын  жана муфтияттын фатва чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Султанали  Гапуровдун, диний ишмер Эрмек Тынай уулунун катышуусунда өткөн.

“Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында экстремизмдин жана терроризмдин жайылышын болтурбоо, Кыргызстанда тыюу салынган диний символдорду социалдык тармактар аркылуу тараткандыгы үчүн жоопкерчилик, мамлекеттик кызматчылардын диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө жүрүм-туруму, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралды колдонуу учурларында кызматкердин психологиялык абалынын маселелери, исламда өзүн-өзү өлтүрүү күнөөсүнүн оордугу, социалдык тармактар аркылуу экстремисттерди тартуу ыкмалары, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана салттуу ислам дини жөнүндө кенен маалыматтар берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version