Site icon Reporter.kg

Милиция кызын чыбык менен сабаган атаны камактан бошоткон

Жалал-Абаддын Ноокен районунда кызын чыбык менен сабаган жаран камактан бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга бир жаран 5 жаштагы кызын сабап жатканы тартылган видео тарап, коомчулукта резонанс жараткан.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери атасы тарабынан сабалган кыздан жана анын апасы, бир туугандарынан кабар алган.

Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичип келип, тынчтык бербей ызы-чуу салганынан бир баласын алып, үйүнөн чыгып кеткен.

«Бул окуя 14-ноябрда болгон. Соцтармактарга 3-декабрда таркап кетиптир. Жолдошум мас болуп келип, тынчтык бербей жатканынан эки баламды калтырып, үйдөн кетип калгам. Анан эле 5 жашар кызымды чыбык менен чаап, видеого тартып, мага жибериптир», — дейт кыздын апасы.

Бул окуядан кийин эне менен балдарына соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

«Учурда, эки кызым менен Майлу-Суу шаарында ата-энемдин үйүндө жашап жатабыз. Улуу балам чоң энеси менен Бүргөндү айылында жашап, билим алууда», — дейт аял.

ИИМдин маалыматы боюнча, кызын сабап, видеого тарткан 41 жаштагы жаранга (К.Т.) 187-берене (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Ал кармалып, кайра Ноокен райондук милициянын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде 5-декабрь күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсузугун камсыз кылууну, зомбулук фактыларын болтурбоо үчүн биргеликте иш алып барууга чакырат.

Ошондой эле акыйкатчы балдарга карата кылмыш жасоо оорлоштуруучу жагдай болорун эскертет.

Exit mobile version