Милиция маркумдун өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт

Милиция маркумдун өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы каза болгон адамдын өздүгү аныкталбай жатканын кабарлады. 

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 8-декабрь күнү Жалал-Абад шаарынын Фурманов көчөсүндөгү “Достук” мончосуна жакын жердеги тосмонун жанынан 45-55 жаштагы белгисиз кишинин жаракаты жок, өз ажалы менен каза болгон жансыз денеси табылган.

Белгилери: Бою 160-165 см. чачы кара, көзү кара, дене түзүлүшү орточо келген, сакал, муруту өскөн.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.

Жогорудагылардын негизинде өздүгү аныкталбаган өлүк боюнча кандайдыр бир маалыматтар жана аны тааныган атуулдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуларын укук коргоо органдары өтүнөт.  

Байланыш тел:   102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

[su_image_carousel source=»media: 54086″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>