Site icon Reporter.kg

Милиция Ольга Иващиненконун үйүнүн тинтүүгө алынышы боюнча үн катты

Чүй облусунун милициясы Багбанчылар жана жашылча өстүрүүчүлөр республикалык коомунун төрагасы Ольга Иващиненконун үйүнүн тинтүүгө алынышы боюнча маалымат берди.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга 19-февралда айрым адамдар багбанчылар коомунун жана дача кооперативдеринин өкүлдөрүнө дача жерлерин калктуу конушка кошуу маселеси боюнча жалган маалымат берип, аны массалык башаламандыктарды өткөрүү максатында жасап жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү О.И. аттуу аялдын (Ольга Иващиненко — ред.) үстүнөн милицияга бир нече жаран арыз жазып, ал «Жаштык» дача коомунун эски мөөрлөрүн колдонуп, эски дата менен дача жерлерин каттап жатканын билдиришкен.

Укук коргоо органдары билдиргендей, милиция Ольга Иващиненконун үйүндө тинтүү жүргүзүп, 150 жер тилкенин документтери, эски мөөрлөр табылып алынган. Ал документтер боюнча экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодесинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынары айтылды.

Эскерте кетсек, 13-февралда Жогорку Кеңеш жаңы Жер кодексин кабыл алган. Активисттер жана жарандар бул мыйзамга президент кол койсо, мамлекет жеке менчик жерди тартып алганга жол ачыларын айтып чыгышкан.

20-февралда бир топ жаран парламенттин алдында жаңы Жер кодексине каршы кол топтоп, аны президентке бере турганын билдиришкен. Алар президенттен аталган мыйзамга кол койбоону суранышкан.

Ошондой эле бир нече жаран Жер кодексине каршы маалымат жыйын өткөргөн. Жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамга каршы болгондордун арасында жашы 70тен ашкан Ольга Иващиненко да болгон.

Садыр Жапаров: Менчик жерлерди алып коюуга каршымын

Exit mobile version