Site icon Reporter.kg

Ошто үйлөнүү үчүн өспүрүм кызды ала качкан төрт адам кармалды

Ош шаарында өспүрүм кызды ала качып бара жаткан төрт адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 18-октябрь күнү болжол менен саат 22:00дө А. Масалиев менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалган. Никеге туруу үчүн ала качкан адам 27 жаштагы У. Р. уулу болгон. Ага кызды ала качууга 37 жаштагы О.Т., 36 жаштагы С.З., 37 жаштагы М.У. жардамдашкан.

Учурда милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Никеге туруу үчүн ала качуу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Шектүүлөр 48 саатка камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.

Ош шаардык милициясы, ала качуу салт эмес, мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралган кылмыш экенин эскертет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version