Site icon Reporter.kg

Милиция: Шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды

Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып 2021-жылдын 15-ноябрынын саат 08:00 убактысына карата шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факткатталган. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул аралыкта 28 кылмыш катталды. Анын ичинен Жазык кодексинин 192-беренеси “Шайлоочуларды сатып алуу” боюнча 21 факты, 82-беренеси “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча 2 факты, 200-беренеси “Уурдоо” боюнча 2 факты, 355-беренеси “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” боюнча 1 факты, 145-беренеси “Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу” боюнча 1 факты, жана 266-беренеси “Ээнбаштык” боюнча 1 факты катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 жоруктар катталган. Анын ичинен Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” боюнча 1 факты, 87-1-беренеси “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” боюнча 18 факты, 94-беренеси“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” боюнча 6 факты, 90-беренеси
“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” боюнча 6 факты жана 66-беренесинде “Ден соолукка жеңил зыян келтирүү” боюнча 1 факты катталган.

Мындан тышкары, милициянын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган, анын ичинен 43 номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.

Exit mobile version