Бишкекте «Социал-демократтар» партиясынын штабы башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын расмий өкүлү Роза Түрксевер кармалды. Бул тууралуу шарадык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 13-ноябрда социалдык тармактарга «Карамушкина жана аталган партиядан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Данияр Чолпонбаевдин сүйлөшүүсү» деген аудиожазуу чыккан. Укук коргоо органдары бул аудиожазууда алар 17-ноябрдагы шайлоодо жарандардын добушун сатып алууну талкуулашкан.
Аталган видео боюнча милиция «шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Укук коргоо органдары билдиргендей, ыкчам-тергөө иштери учурунда Карамушкина менен партиянын расмий өкүлү Роза Түрксевер бирөөлөргө акча берип, шайлоочулардын добушун сатып алуу менен алектенгени аныкталган. Алар бир добуш үчүн 1 миң сом сунушташкан. Алар «Социал-демократтар» партиясынын штабына тинтүү жүргүзгөнү барганда, Роза Түрксевер 40тан ашык кишиге добуш сатып алуу үчүн 15 миңден 40 миң сомго чейин акча бергени жазылган кагаздарды жана 28,3 сом акчаны жок кылууга аракет кылган.
Аталган иш боюнча шектүү катары Карамушкина жана Түрксевер убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө уланууда.
Эскерте кетсек, 13-ноябрда милиция жана атайын багыттагы кызматкерлер «Социал-демократтар» партиясынын штабына келип, тинтүү жүргүзгөн. Партиянын лидерлери Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбаганын, күбөлүгүн көрсөтпөй, медициналык беткап тагып алып жүргөнүн, милиция саясий буйрутма аткарып жатканын билдирген. Алар добуш алуу фактысын четке кагууда.
Кийин Атамбаев менен Султанбеков суракка алынып кеткен. Алар түнүндө сурактан чыгарылып, Султанбеков кайра милиция тарабынан кармалганы кабарланууда.