Site icon Reporter.kg

Милиция өспүрүмдү коркутуп ургандар боюнча окуяны териштирди

“Tik-Tok” социалдык тармагында өспүрүм кызды коркутуп ургандар боюнча окуяны милиция териштиргенин Баткен ОИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-июлунда Интернет мейкиндигиндеги “Tik-Tok” тармагына белгисиз эки атуул, белгисиз жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, 10 000 (он миң) сом акчаны кайсы багытта иштеткендигин сурап, ага кол көтөрүп урган видео тараган.

Видеодо көрсөтүп жаткан кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени белгилүү болгондон кийин, бул материал 26-июлда Кызыл-Кыя ШИИБдин МЭЖине катталып, кыздын жашаган турак үйүнө барып сураштырганда төмөнкүлөр билинген.

Видеодогу кыздын апасы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1978-жылы туулган И.Б. 2022-жылдын 14-июнь күнү 05.00 чамасында анын кызы 2005-жылы туулган С.Г. уктап жаткан жеринен дайынсыз болгондугун билдирип милицияга арыз менен кайрылат. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин МЭЖине катталып, дайынсыз жоголуу факты менен издөө иштери жүрө баштайт.

Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 28-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунан аныкталып, табылып эсен-соо апасына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version