Site icon Reporter.kg

Милиция: Жалда эки жаран өспүрүмдү уурдап кетип, сабап, телефонун тартып алган

Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда болжол менен саат 21:30да Жал айылында белгисиз адамдар 17 жаштагы өспүрүмдү күчтөп «Хонда Фит» унаасына отургузуп, белгисиз жакка алып кеткен. Андан кийин аны сабап, 15 миң сомдук «Айфон 10» телефонун тартып алышкан. Бул окуя боюнча баланын атасы милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Б.С. жана 25 жаштагы К.Н. аттуу эки жаран кармалган. Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Exit mobile version