Site icon Reporter.kg

Милиция Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын кармады

Бишкекте курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, ал (33 жаштагы Э.Ж.) өзүнүн компаниясындагы адамдар менен сүйлөшүп алып, акча кошуп үлүштүк негизде батир алайын деген жарандарга 61 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө.

Аталган факты боюнча «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы Э.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Кармалган адам Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 33 жаштагы Эмилбек Жусупов экенин Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү болгон.

Жусупов 2021-жылы депутат болуп шайланып келген. 2024-жылы апрелде мандатын тапшырган.

Exit mobile version