Site icon Reporter.kg

Милиция журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалганын билдирди

Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы алдап, акчасын алып алган деген шек менен 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милтцтясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, былтыр Ташыбековага «УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерибиз» деп шылуундар чалып, алдоо менен банктык эсептеги акчасын, андан тышкары бир нече банктан насыя алдырып, ал акчаларын да котортуп алышкан. Журналист 825 миң сом акчасын алдырып койгон. Ал былтыр октябрда милицияга арыз жазган. Жакында эле ал алданганы тууралуу журналисттерге айтып чыгып, милициянын начар иштеп жатканын билдирген.

Бүгүн, 5-февралда Свердлов райондук милициясы журналистти алдоого шектелип 23 жаштагы жаран (А.Х.) кармалганын кабарлады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Ага «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version