Site icon Reporter.kg

Милицияга туристтик сезондо коопсуздукту күчөтүү тапшырылды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков быйылкы туристтик мезгилге карата коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Облус жана шаардык милициялардын жетекчилери катышкан онлайн кеңешмеде министр коюлган талаптар кынтыксыз аткарылышы керектигин айткан.

«Туристтик сезон учурунда жарандардын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун татыктуу камсыздоо милдети турат.

Туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү маселеси Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына гана тиешелүү эмес. Андыктан, коюлган талаптар менен тапшырмаларды бардык ички иштер органдары кынтыксыз аткарууга милдеттүү болуп эсептелет. Коопсуздукка багытталган иштердин баарын ырааттуу жана сапаттуу аткарып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барыңыздар. Туристтик сезон мезгилиндеги коопсуздук маселесин келерки коллегияда карап, ар бир регион боюнча өз алдынча баа беребиз. Ага чейин, тиешелүү иш-чараларды күчөтүп, иш алып барууну табыштайм», — деди ал.

Exit mobile version