Site icon Reporter.kg

Милициялар 78 миң сомго “көңүл ачат”

Ички иштер министрлиги 78 миң 426 сомго момпосуй, печенье жана кургактылган жемиштерди сатып алат. Бул туурасындагы жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылган.

Маалыматка караганда,  «Юбилейное» печеньесин,   «Milky Way», «Mars», «Snickers», «Twix» момпосуй жана шекер, чай, кофе жана кургактылган жемиштер болсун деген талаптары бар.   Булар “көңүл ачуучу чыгымдарга” деп белгиленген.

Exit mobile version