Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын жашоочусунун үйүнөн ири өлчөмдөгү марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-январда милиция «Керез» аттуу кызматтык иттин жардамы менен Кара-Көлдүн 40 жаштагы тургунунун (Р.В.) үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү учурунда гараждагы тактайлардын арасынан жашыл баштыкка жана ак капка салынган өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.
Соттук-химиялык эскпертиза алынган зат марихуана баңгизаты экенин көрсөткөн. Анын салмагы 3 кг 986 граммды түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 40 жаштагы жаран шектүү катары кармалган. Андан кийин ал соттун чечими менен камакка алынган.
Учурда бул баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.