Милициянын унаасына заара ушаткан жигит изделүүдө – видео

Милициянын унаасына заара ушаткан жигит изделүүдө – видео

Бишкекте кайгуул милициясынын автоунаасына заара ушаткан жигит изделүүдө. Бул тууралуу “Репортерго” Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.   

Буга чейин жаш жигиттин милициянын автоунаасына заара ушатып жаткан видеосу интернетке тарап, талкууга түшкөн.

Айтикул уулунун айтусунда окуя Бишкек шаарынын Фрунзе жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде  17-октябрь күнү таңга маал болгон. 

“Биздин кызматкерлер ошол жердеги тамактануучу жайга кирип 15 мүнөттөй тамактанышкан. Ошол учурда жаш жигит ушундай ишке барган. Кийин кызматкерлерге чакыруу түшүп, ал жерден кетишкен.  Учурда бул жигиттин ким экендигин тактоо, издөө иштери жүрүп жатат. Мыйзам чегинде ага чара көрүлөт”, — деди Айтикул уулу.     

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>