Миллиардерлер көп жашаган шаар аныкталды

Миллиардерлер көп жашаган шаар аныкталды

«Форбс» журналынын маалыматы боюнча, Пекинде миллиардерлердин саны эң көп. Маалыматка ылайык, 2020-жылы ал жакта 33 жаңы миллиардер пайда болду.

Нью-Йоркто 99 миллиардер бар. «Форбстун» эсептөөлөрү боюнча, алардын жалпы байлыгы 560,5 миллиард долларды түзөт. Ал эми Пекинде капиталы 484,3 миллиард доллар болгон 100 миллиардер бар.

Пекиндин эң бай тургуну Чжэн Йимин аттуу адам. Ал TikTok ээси болгон ByteDanceтин негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35,6 миллиард долларга бааланган.

Нью-Йоркто болсо экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг эң бай деп эсептелет. Анын байлыгы 59 миллиард долларды чапчыйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>