Site icon Reporter.kg

Министр А.Бейшеналиевге 7 кылмыш боюнча айып тагылды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шектелип кармалган болчу.  Ал мамлекетке 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Exit mobile version