Кыргызстанда электр жарыгына баа инфляцияга көз каранды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы баалар 13,9 пайызга, 2024-жылы 10,9 пайызга өстү.
«Электр жарыгы дагы ошого карата өсүп турат. Быйыл мисалы 11 тыйын кошулат. Майдан тарта 1 сом 11 тыйындан төлөп баштайт. Эмки жылы инфляция 5 пайызга өссө, 5 тыйын кошулат», — дейт Таалайбек Ибраев.
Министр электр жарыгынын өз баасы 2 сом 41 турарын айтып, дагы эле калкка арзан баада берилип жатканын кошумчалады.
Электр энергиясына тарифди көтөрүү пландалууда. Баалар кандай өзгөрөт?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз