Site icon Reporter.kg

Министр Бейшеналиевдин сөздөрү бири-бирине каршы келет, — юрист

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон окуя Саламаттыкты сактоо министрлигин аброюна зыянын тийгизди. Бул тууралуу аталган министрликтин юристи Азамат Жумакеев 16-майда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин сөздөрү бири-бирине каршы келет.

Анын сөздөрү бири-бирине каршы келет. Ал буга чейин анын кеңешчиси иштебей калгандыгын билдирген, бирок анын дайындалганы боюнча буйрук дагы деле турат”, — дейт юрист.

Жумакеев белгилегендей, министрдин Исманкуловдун клиникасына болгон мамилеси дагы туура эмес.

Биз имаратты бошотууну талап кыла албайбыз, мунун баары мэрия тарабынан чечилиши керек, тактап айтканда алар сотко бериши керек болчу”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары анын кызматтан кетүүсүн талап кылып маалымат жыйын өткөргөн болчу.

Андан кийин министр Германиядан орун басарларына жооп кайтарып, жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдогон.

 

 

Exit mobile version