Министр: Беш миң медик шайлоо участокторунда иш алып барат

Министр: Беш миң медик шайлоо участокторунда иш алып барат

Шайлоо учурунда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу министр Алмыкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда бул үчүн 5 миңден ашуун медик тартылган.

“Аталган медицина кызматкерлери эки смен иштешет. Ошондой эле бөлүнгөн аймактардагы ооруган адамдардын тизмелери түзүлүп берилген”, — деди министр.

Ошондой эле дарттын жайылуусун алдын алуу үчүн жарандарды тийиштүү социалдыки абалды сактоого чакырды. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>