Site icon Reporter.kg

Министр: Бишкекте жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кенештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, синопниктер аба ырайы сууктай тургандыгын божомолдоп жаткандыктан, быйыл жылуулукту эрте берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия абанын орточо температурасы 5 күн бою +8 градус болгон учурда, жылуулук бериле баштай тургандыгын билдирген.

Былтыр жылуулук 31-октябрда берилген.

Мэрия Бишкекте жылуулук качан бериле турганын айтты

Exit mobile version